Район аралык окуучулар арасындагы футбол турнири биздин мектепте
24-октябрь Сокулук районунун Чоң-Жар айылынын чыгаан уулу, коомдук ишмер, айылыбыздын мектебине ысмы ыйгарылган инсан, маркум Нурлан Рахмановдун туулган күнү. Мына ошол күндү утурлай, 2024-жылдын 22-октябрь күнү Нурлан Рахмановдун уулу Тилек Рахмановдун демөөрчүлүгү менен райондор аралык, 6-7-класстын окуучулары арасында футбол боюнча турнир болуп өттү. Ага Аламедин, Сокулук, Бишкек шаарынын Ленин районунун окуучулары катышышты.