Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

2022-2023-окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат

Ата-энелер үчүн маалымат

Каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында графикке ылайык жүргүзүлөт:

— 11-апрелде саат 9:00дөн 27-июнда саат 9:00гө чейин — мыйзамдуу жашаган жери боюнча;

— 27-июнда саат 9:00дөн 10-августтун 10:00гө чейин — учурда жашаган жери боюнча.

Белгилей кетсек, арыз берген ата-энесинин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн  тастыктоочу документтер (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номери болмоюнча баланы 1-класска каттатуу мүмкүн эмес.

2023-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/ мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

— паспорт;

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

— жеке идентификациялык номер (ПИН — ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 орундуу идентификациялык номер. Эгерде ал жок болсо, жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КБК) кайрылуу керек.

— Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

— аскер кызматчыларынын балдары үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча;

— тиешелүү күбөлүктөр менен Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана мектептердин кызматкерлеринин балдары.

2022-жылдын 11-апрелине чейин аракеттеги аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери иштеген жеринен маалымкатты (баланы мектепке каттоо учурунда) кошумча түрдө даярдашы керек.

Баланы 1-класска кабыл алуу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ата-эне/мыйзамдуу өкүлү мектепке 1-августтан 10-сентябрга чейин төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:

— баланын жана ата-энесинин биринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн  тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин биринин паспорту;

— ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);

— алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);

— баланын 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

Эгерде документтер үстүбүздөгү жылдын 1-августунан 10-сентябрына чейинки мөөнөттө берилбесе, бала мектепке кабыл алынбайт.

 

 

Кабар кылабыз

КР Билим берүү Министрлиги Бишкек шаарынын мектептеринде 11-апрелден баштап, «мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен иш алып барат.

 

http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА

 

Ата-энелер үчүн статьялар

Скачать «Психологические особенности мальчиков и девочек подростков»

Скачать «Памятка родителям о физическом наказании»

Скачать «Компьютерная зависимость у подростков»

Скачать «Подрастковый возраст»

Скачать «Профилактика асоциального поведения у подростков»

Скачать «Иммунитет на пять»

Буклет для девочек KYR out

Буклет для родителей KYR outl (1)

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета