Биз жөнүндө

         Мектептин тарыхы

НУРЛАН РАХМАНОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕБИНИН ТАРЫХЫ

Нурлан Рахманов атындагы орто билим берүү мектеби Чүй облусунун Сокулук  районуна караштуу  Чоң-Жар  айылында жайгашкан. Мектеп район борборунан 20км, ал эми Бишкек шаарынан 14 км аралыкта жайгашкан.

Мектеп 2000-жылЫ  15-сентябрда ошол мезгилдеги КРнын президенти А.Акаевдин катышуусу менен Чоң-Жар толук эмес орто мектеп болуп  ачылган. 2002-жылы орто мектеп болуп дайындалып, 2003-жылы айылыбыздан чыккан коомдук ишмер Нурлан Рахмановдун ысымы ыйгарылган .    Имарат типтүү эмес мектеп болуп курулган. Мектеп имаратындагы проектидеги сыйымдуулугу: 180  окуучу. Азыркы учурда мектепте 258 окуучу билим алып жатат. Ички миграциянын эсебинен окуучуларды саны жылдан жылга көбөйүү менен мектепте окуу  эки  сменде  жүргүзүлөт.

2022-жылдын 4-ноябрында  Катар  мамлекетинин демөөрчүлүгу менен курулган  жаңы кошумча имаратынын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Жаӊы курулган кошумча корпус 100 окуучуга ылайыкташып, ичинде окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана санузел бар.

Мектебибизге кошумча окуу имаратынын  салынышы жалпы педагогдорду, окуучуларыбызды жана ата-энелерибизди абдан кубандырат.

 

Мектепте окутуу кыргыз тилинде өткөрүлөт.  Мектеп өзүнүн  ишмердүүлүгүн  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, нормативдик жана укуктук актыларын,  Билим берүү  жана илим Министирлигинин,  Сокулук райондук  билим берүү бөлүмүнүн буйруктарын жана тескемелерин, мектептин Уставын негизге алуу менен жүргүзөт. 

 

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

Мектептин миссиясы :

Мектептин миссиясы

 

Мектептин усулдук темасы

Окуу-тарбия процессинде жаңы инновациялык технологияларды колдонуу, билим сапатын жогорулатуу жана окуучулардын компетенттүүлүгүн өнүктүрүү

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

Социалдык -экономикалык кырдаалга ыӊгайлашып кете алган жана сапаттуу билимге ээ болгон жаштарды тарбиялоо

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета