23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү
23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп ичинде 5-11-класстын эркек балдардын катышуусунда «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген темада өнөр сынагы, класстар арасындагы таймаш болуп өттү. Мында ар түрдүү спорттук мелдештер, турмуш-тиричиликте күнүгө эр азамат аткара турган, биле жүргөн көндүмдөрдү жасашып аткарышты. Алсак, жип байлоонун түрлөрү, атка ээр токуунун сырларын ж.б канчалык деңгээлде билээрин күч сынашып далилдешти. О.э. спорттук ар кандай мелдештерде өз күчүн, жөндөмүн көрсөтө алышты. Сынак аркылуу өз тобун коргошуп, бири-бирин сыйлоого жетишип, алдыга сүрөп, биргелешкен иш-чараны көрсөтө алышты.
Комментарии