23-сентябрь Тил майрамы
Мектепте “Мамлекеттик тилдин беделин көтөрүү, ар бирибиздин атуулдук парзыбыз” аттуу салтанаттуу кече өтүлдү.
Салтанаттын башында Кыргыз Республикасынын Туусу жана «Манас», Семетей», «Сейтек» уюмдарынын туулары киргизилип, Мамлекеттик тил гимни аткаруу менен ачылды. Алгач Мамлекеттик тилдин 35 жыл мурунку кабыл алынган тарыхы көрсөтүлдү. Андан соң Манас эпосунан үзүндүнү 6-7-8-класстын окуучулары өз ыргагы, берилүү менен мыкты аткарышты.
Тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, көйгөйлүү көрүнүштөрү чагылдырылган чакан сценкалар менен кече уланды.
Ага улай эле белгилүү акын-жазуучуларыбыздын тил жөнүндөгү ыр-саптарынан көркөм окушту. Сыр куржунунун ичине даярдалган көөнөргөн сөздөр, макал-лакаптардан окуучулар алышып, маанисин чечмелеп беришти.
- класстын кыздар, балдарынын тил жөнүндөгү суроо-жооп акыйнек айтышуусу абдан кызыктуу болду.
Кече тил жөнүндөгү обондуу ырлар, улуттук бийлер, комуз күүлөрү менен коштолду. Ар бир класс тил майрамына карата дубал гезиттерди чыгарышты.
Комментарии