3-март Кыргыз Республикасынын туусунун күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата жүргүзүлгөн жөө жүрүш
3-март Кыргыз Республикасынын туусунун күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата 5-11-класстын эркек балдарынын катышуусу менен жөө жүрүш болду. Ал жүрүшкө эркек балдардын бардыгы Ак калпак кийишип, колдоруна Кыргыз Республикасынын туусун көтөрүп, айылыбыздын атактуу узун Ш.Термечиков көчөсүнөн басып өтүштү. Айыл тургундарынын көңүл чордонун буруп, кызыгуусун жаратып, кээ бир айыл тургундары бул жүрүшкө кошо катышып жатышты. Бул жүрүш ар бир эркек баланын биринчиден, кыргыздын уулу экенин аныктаса, экинчиден, патриоттук мекенчил сезимин ойгото алды. Жүрүштүн аягы мектептин алдында чоң топтун түзүмү менен Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, туулар желбиреп, кыргыз ак калпакчан балдардын флешмоб бийи жана кыздардын комуз күүлөрүн аткаруусу, мектеп администрациясынын куттуктоо сөзү менен жыйынтыкталды.
Комментарии