Диндердин өнүгүү тарыхы боюнча 7-9-класстын окуучуларына лекция өтүлдү.
2024-жылдын 14-ноябрь күнү мектепте 7–9-класстын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” боюнча лекция өткөрүлдү. Ага мектеп админстрациясы жана ИДН кызматкери катышты.
Бул сабактын максаты – дүйнөдөгү ар түрдүү диндердин жаралуусун, алардын өнүгүү жолдорун жана маданиятка тийгизген таасирин түшүндүрүү болду.
Лекциянын негизги темалары төмөнкүлөрдү камтыды:
• Байыркы ишенимдердин жана салттуу диндердин (анимизм, тотемизм, шаманизм) өзгөчөлүктөрү;
• Дүйнөлүк ири диндердин (Индуизм, Буддизм, Иудаизм, Христиандык жана Ислам) пайда болушу жана идеялары;
• Диндердин коомдук, маданий жана социалдык жашоого тийгизген таасири.
Лекция окуучуларга ар кандай маданияттарды, ишенимдерди жана көз караштарды урматтоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө жана ар түрдүүлүктү кабыл алууга үндөдү.
Жыйынтыктоо бөлүгүндө сабактын актуалдуулугу, толеранттуулукту бекемдөөнүн зарылдыгы жана ар бирибиздин дүйнөлүк маданиятка болгон урматыбыз тынч коомдун негизин түзөрү баса белгиленди.
Окуучулар активдүү катышып, суроо берип, кызыктуу талкууларды жүргүзүштү.
Комментарии