Улутубуздун улуу майрамы Нооруз майрамына карата мектеп ичинде 1-11-класстар арасында «Нооруз-көктөм майрамы» аттуу майрамдык кече өтүлдү. Кече тандалган талантттуу балдардын театралдык оюн-зоогу менен ачылды. Анда баба-дыйкандын, Жер энеден тилек кылып, дан эгишип, аны менен кошо эң алгач жаз алдында чыккан Нооруз гүлүнүн чыгышын көрсөтүштү. Умай эне аластап, кыргыз кийимчен кыздар сүмөлөк ооз тийгизишти. Кыргыз элинин каада- салтынан да бир көрүнүш, тушоо кесүү салтын көрсөтүшүп, Кыдыр атанын ак батасы менен жыйынтыкталды. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, буюмдары, кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулду. Кыздар,балдар улутттук бийлерди бийлешип, ырлар жаңырды. Ушул эле иш-чара айылыбызда жылда салтка айланып өтүлүп келген Нооруз майрамында айыл тургундарынын назарына тартууланып, алкоого алынды
Комментарии