Нурлан Рахманов атындагы орто мектебинин жаӊы курулган кошумча корпусунун ачылыш аземи 2022-жылдын 3-ноябрь күнү болуп өттү.
Мектептин жаӊы курулган кошумча имаратынын ачылышына арналган салтанатка ушул мектепти курууга демөөрчүлүк кылган Катар мамлекетинен коноктор , Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбекович жана башка сыйлуу коноктор катышышты.
Жаӊы курулган кошумча корпус 100 окуучуга ылайыкташып, ичинде окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана санузел бар.
Нурлан Рахманов атындагы орто мектеп 2000-жылы 15-сентябрда ачылган. Мектеп имаратындагы проектидеги сыйымдуулугу: 180 окуучу. Имарат типтүү эмес болуп курулган, бирок ага карабастан азыркы учурда 258 окуучу билим билим алууда. Ички миграциянын эсебинен окуучуларды саны жылдан жылга көбөйүү менен мектепте окуу эки сменде жүргүзүлөт. Мектебибизге кошумча окуу имаратынын салынышы жалпы педагогдорду, окуучуларыбызды жана ата-энелерибизди абдан кубандырат.
Комментарии