Район аралык футбол турнири биздин мектепте.
24-октябрь Сокулук районунун Чоң-Жар айылынын чыгаан уулу, коомдук ишмер, айылыбыздын мектебине ысмы ыйгарылган инсан, маркум Нурлан Рахмановдун туулган күнү. Мына ошол күндү утурлай, 2024-жылдын 22-октябрь күнү Нурлан Рахмановдун уулу Тилек Рахмановдун демөөрчүлүгү менен райондор аралык, 6-7-класстын окуучулары арасында футбол боюнча турнир болуп өттү. Ага Аламедин, Сокулук, Бишкек шаарынын Ленин районунун окуучулары катышышты.
Алгач турнирдин салтанаттуу бөлүгүндө мектептин директору Дюшенбаева С.Э. сөз сүйлөп, келген конокторго жакшы каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле Нурлан Рахмановдун уулу сөз сүйлөп, өз сөзүндө мектеп администрациясына, дене тарбия мугалими Джусупбеков Бакыт агайга ыраазычылык билдирип, мындан ары бул иш-чара уланып турарын баса белгилеп кетти. Нурлан Рахмановдун замандаш достору жана туугандары да өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтып, мелдешке ийгилик каалап, окуучуларга өз алкоолоррун билдиришти. Окуучуларды жетектеп келген дене тарбия мугалимдери мелдешке ийгилик каалап, кызуу оюн күтөөрүн билдиришти. Келген конокторду куттуктап мектептин кыздары “Чирлидинг” бийин тартуулашты. Оюн футбол талаасында кызуу жүрдү.
Мыкты оюн көрсөткөн окуучулар тандалды, жеңген командалар аныкталып сыйлыктар тапшырылды. Бул жолку оюнда Сокулук районунун Чодугул Байсалбекова атындагы орто мектептин окуучулары 1-орунга чыгышып, турнирдин кубогу жана грамота менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, Нурлан Рахмановду эскерүүгө арналган футбол турнири экинчи жолу өтүп жатат. Жыл сайын октябрь айында бул турнир улана бермекчи.
Комментарии