Жол кырсыктарынан алдын алууга карата “Көңүл бургула балдар” бир айлыгы өтүүдө
Мектепте “Көңүл бургула балдар” бир айлыгынын планы түзүлүп, ошонун негизинде
тарбиялык иштер жүргүзүлдү.
- «Үй-мектеп-үй» план-карта түзүлүп, 1-7-класстын окуучуларынын күндөлүктөрүнө чийилди.
- Мектепте 9 окуучудан турган “Жолдо жүрүүнүн жаш инспектору” (ЖЖЖИ)отряды түзүлдү, атайын түзүлгөн пландын негизинде иш алып барышууда.
- 1-2 класстарда “Жол эрежелери” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.
- 3-4-класстар арасында “ Жол белгилери” аттуу викторина өткөрүлдү.
- 5-6- класстарда“ Жүргүнчүлөрдүн милдеттери” тарбиялык саат
- 7-8 — класстарда “Регулировщик жана светофордун белгилери” аттуу конкурс өткөрүлдү
- 9-класстарда “Жол –транспорт кырсыктарынын кесепеттери” тарбиялык саат
- 11-класста “Жол –транспорт кырсыгында биринчи жардам көрсөтүү” кл.саатөткөрүлдү
Андан тышкары жалпы башталгыч класстарга мектеп алдында “Коопсуз жол” деген темада чоң иш-чара өткөрүлдү. Анда жол эрежеси боюнча сүрөт, плакат, конкурсу өткөрүлдү.
Бардык иш чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Мектепке жол кыймылын күзөтүүчү кызматкерлери да келип, башталгыч класстардын окуучуларына аңгемелешүү өткөрүп кетишти.
Комментарии