Кутман күн, урматтуу бүгүнкү майрамдын коноктору, сүйүктүү окуучулар, кымбаттуу мугалимдер жана ардактуу ата-энелер!Баардыгыңыздарды бүгүнкү “Билим күнү” майрамы жана КР эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун! Жашообузда эркиндиктен жана көз карандысыздыктан өткөн баалуу, маанилиүү жана жакшыраак нерсе жок. Мекенибизде тынчтык, ынтымак, ыйман болсун. Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин демекчимин.Ал эми, 1-сентябрь бул өзгөчө майрам, бул күнү узак жайкы эс алуудан кийин мектебибизде кайрадан биринчи мектеп коңгуроосу жаңыра турган күн. Окуучуларыбыз жай ичинде эс алышып, чоңоюшуп, классташтарын, мугалимдерин сагынышып калышты деп ойлойм.Бүгүн билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, жаңы ийгиликтер үчүн, жаңы бийиктиктерди багынтуу үчүн старт алган күн. Алдыга койгон пландарыңар, кыялдарыңар орундалсын демекчимин.Мектеп жөнүндө айта кетсем: Жакында эле комплектование болуп, мектепте бардыгы 11 класс комплект болду анда 245 окуучу жана 17 мугалим эмгектенет. Андан тышкары мектепке даярдоо классы 480 сааттык “Наристе” программасы менен окутулат. Өзүңөр байкагандай мектептин жанына жаңы корпус салынып жатат. Ал Катар араб мамлекети тарабынан каржыланып жатат. Буюрса бутүп калса башталгыч класстар ошол жаңы мектепке окуп, мектеп бир смена болуп калат.КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 30 –августундагы №1656/1 буйругунун негизинде балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң –сезмин канаттандыруу жана бекемдөө максатында 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап окуу жуманын башында жана аягында, салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда КР мамлекеттик гимн аткарылып турат. Ал эми бүгүн болсо ар бир класста класс жетекчилер тарабынан “Кыргыз жараны- жарандардын биримдигинин негизи” деген теманын айланасында класстык-тарбиялык сааттар өткөрүлөт.Бүгүнкү күн 1-сентябрь –биздин республиканын эң кичинекей жарандары үчүн алгач ирет мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроону угуп, партага отурган унутулгус күн болору анык..Кымбаттуу балдар Силердин өмүр жолуңарда жаңы абдан маанилүү мезгил башталууда .Бүгүнтөн баштап мектепте өткөргөн ар бир күнүңөр силерге жаңы ачылыштар менен коштолуучу кубаныч тартуулайт. Мектепте ишеничтүү досторуңар, сүйүктүү мугалимдериңер көп болот деп үмүттөнөм. Мектеп өлкөсүнө кош келгиле демекчимин.Кымбаттуу 1-класстын окуучулары , мектеп окуучусу деп аталышыңар менен куттуктайм.Бул күн биздин бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп жашоосундагы акыркы 1-сентябры. Урматтуу 11-класстын окуучулары, эсинерде болсун сенин келечектеги тагдырың- сенин колуңда. Келечектеги жеңиштериңдин бекем пайдубалын түзгүлө. Бул жылы силер кесип тандоону чечип, жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырып, жогорку окуу жайга тапшырасыңар. Чамдагыла -силер сөзсүз ийгиликке жетесинер.Мугалимдер коомдун жана мамлекеттин түркүгү демекчи ар бир акыл эстүү адамдын дүйнө таанымына чыйыр жол салган бул-мугалим.Урматтуу мугалимдер, Сиздерди бүгүнкү майрамыныздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, түйшүктүү бирок асыл ишиниздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! Ак эмгектин үзүрүн көрүңүздөр!Ардактуу ата-энелер!Ар бир баланын өмүр жолу, бул биздин өмүр жолубуздун уландысы. Сиздери жакшы балдарды тарбиялап, чоңойтуп жатасыздар. Сиздерден өтүнүч балдарыңыздарды тарбиялоо үчүн убактыңыздарды аябаңыздар.Айрыкча мектепке жаңы келген балаңыздын кабылдоосу, акыл-эси, сезими калыптана турган убакта убакытты аябастан балаңыз менен кеңири машыгуунуздарды суранам.Мектеп менен тыгыз байланышта болуп, балдарыныздардын билим-тарбиясындагы проблемаларды сурап билип туруңуздар. Балдар билим-тарбия жана маданиятты мугалимден алып, китептен окуп эле калыптанбайт. Үй-бүлө, ата-энени көрүп да калыптанат. Б.а. “Сөз чакырат, үлгү ээрчитет” дегендей адамгерчиликтин, маданияттын үлгүсүн балдар үйдөн алат. Сиздер үйдөн тарбия берсеңиздер, биз мектептен билим берели.Сиздерге чың ден- соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Балдарыныздардын ийгиликтерине гана кубанып бакубат жашоо сүрүнүздөр.Дагы бир жолу баарыныздарды жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Жыл бою идеяларыныздардын, кыялдарыңыздардын, максаттарыңыздардын туу чокусунда болуп, кичине жана чоң жеңиштерге жетишиңиздерди каалайм.Мектебибизде ар дайым коңгуроонун үнү жыңырып, окуучулардын шаң-күлкүсү угулуп турсун демекчибиз.Жаны окуу жылына кош келиңиздер!
Дорогие, милые Учителя, с праздником! Поздравления от учеников!

Мы в цифрах

22
Лет школе
258
Количество учеников
30
Выпускников в год
5172
Книг в библиотеке